«Диктатуранын кереги жок». Айыл чарба министри Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкты

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев фейсбук барагында Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирди.

Токтогазиев жаңы Конституция коомду бөлүп-жарып, «бийлик бутактарынын тең салмактуулугун» бузат деп эсептейт.

«Бизге бир адамдын диктатурасы эмес, мыйзамдын үстөмдүгү керек. Оюндун шартын бир гана мыйзам аныкташы керек. Баарыбыз ушул коомдук келишимди сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Эгерде бул келишимдеги өзгөртүүлөр коомдун бир бөлүгүнө жакпаса, күч менен таңуулаган туура эмес», — дейт Токтогазиев.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорунун авторлорун референдум өткөрүүгө шашылбай, аны коомчулуктун катышуусунда талкуулап, ар бир пунктту өзүнчө талдап чыгууга чакырды.

«Конституция консенсус аркылуу гана кабыл алынышы керек. Болбосо, силер кезектеги саясий туруксуздуктун толкунуна жооптуу болосуңар», — деп кошумчалады министр.

Токтогазиев алтынчы чакырылыштын депутаттары 17-ноябрда сунуштаган Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин айтып чыккандардын биринчиси эле эмес.

Мыйзам долбоору жарыялангандан кийин юристтер, депутаттар жана коомчулук тарабынан сын-пикирлер жамгырдай жаай баштады.

Негизинен, юристтер дароо эле бардык бийлик бутактары президенттин көзөмөлүнө өтүп, Конституциянын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитаризмге алып барат деп билдирип чыгышты.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы легитимсиз болгондуктан мындай маанилүү мыйзамдарды демилгелей албай тургандыгын юристтер буга чейин да бир нече жолу айтышкан.

Ошондой эле коомчулук да мыйзам долбоорунда ЖМКлардын цензурасы каралганын белгилөөдө. Ал эми социалдык тармактарда баш мыйзамдын жаңы долбоору «Ханституция» деп атала баштады.

Ал учурда коомчулук мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршылыгын тынчтык маршында билдирип чыкмай болду. Марш 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Темир жол бекетинде башталып, борбордук «Ала-Тоо» аянтында уланат.