17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун демилгелешип, коомдук талкууга чыгарышкан. Бирок коомчулукта долбоор сынга кабылды.

Көп өтпөй долбоордун демилгечилери катары көрсөтүлгөн айрым депутаттар демилгечи топко кирбегенин, ал тургай долбоорду окуй электигин билдирип чыгышкан. Кээ бирлери жаңы Конституцияга каршы экенин да билдиришкен.

Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорун демилгелеген бир катар депутаттар аны менен жакшы тааныш эмес болсо да колдой турганын айтып чыгышты. «Клооп» депутаттардын позицияларын чогултту.

Эмил Токтошев:

— Мурда күнү, Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге тобуна кол топтоп жатканын билдиришти. Мен парламентаризмди жактоочу катары, ушул процесске катышуу ниетинде кол коюп бергем. Бирок, кечээ, Жогорку Кеңеште ушул топтун мүчөлөрүнөн долбоорду сураганымда, мага даяр долбоорду көрсөтүштү. Мен дароо эле макул эместигимди айттым. Бул сөзүмдү ошол жерде турган депутаттар дагы тастыктайт. Мен ар дайым парламентаризмди жактап келгем жана ушул позициямда турам.

Пархат Тулендыбаев:

— Мен болжолдуу билем. Жакшы сунуштар бар, калганын эл өзү тандап алат. Негизги жерлерин окуп чыктым. Конституциянын долбоору дагы талкууланат.

Тазабек Икрамов:

— Мен жаңы Конституциянын демилгечиси эмесмин. Бул долбоор талкууланып гана жатат, мен жөн гана колумду койдум. Мен үстүрттөн гана тааныштым, негизинен кандай долбоор экенин билбейм. Эмне болоорун дагы угуп көрөбүз. Референдум болот, эл чечим кабыл алат. Буга чейин Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлат. Силер мени отуруп алып ушул мыйзамды жазды деп ойлойсуңарбы? Демилгечилер башка.

Иса Өмүркулов:

— Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун. Албетте, эми долбоорду окуп чыгам.

Айгерим Бешимбаева:

— Бул боюнча комментарий бергим келбей турат. Жаңы Конституция долбооруна мен демилгечи болгон эмесмин. Азыркы жазылган өзгөртүүлөргө каршымын, кол койгон да эмесмин.

Махабат Мавлянова:

— Документ колума 16-ноябрда тийип, «коомдук талкууга коюш керек», «мөөнөттөн уттурсак, президенттик шайлоо менен кошо референдумга чыкпай калат, анда бюджетке кошумча чыгым болот» дешкенинен үстүртөн таанышып эле, демилгечи депутат катары кол коюп бергем. [...] Эксперттик топко депутат катары катышуу укугум бар. Бул тууралуу ниетимди да билдиргем, бирок мага кабар беришкен жок. Долбоорду даярдоого катышып, сунуш-пикирлерибизди айтабыз деп ойлогом. Жеке сурангамын, бирок чакырышкан жок. Ким жазганын билбейм, маалыматым жок такыр. Мен сүйлөшкөн депутаттардан экспертти топко эч ким кирбептир. Мен, албетте барын сурап чыккан жокмун. Ага ким кирди же кирбеди билбейм.

Аалы Карашев:

— Мен демилгечиси да, автору да эмесмин. Конституцияны жазууга мен аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен «конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын» дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун.

Максат Сабиров:

— Мен коомдук талкууга чыгаруу үчүн кол койдум. Долбоордун өзү өзгөртүүлөрдү талап кылат. Мен ойлойм, сунуштар болот, талкуулайбыз. Менин жеке оюм боюнча, президенттин судьяларга таасирин азайтуу керек. Прокуратура жана БШК парламенттин карамагында болушу керек. Бир айдын ичинде ушул сыяктуу сунуштар түшөт, биздин «Республика» партиясынан да. 30-40 кишиден турган Конституциялык кеңеш өзү чечпөө үчүн, өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш демилгелеген.

Айнура Осмонова:

— Бул жөн гана долбоор, ал коомдук талкуудан, парламенттен өтүшү керек. Бирок мен демилгечи эмесмин, коомдук талкууга чыгарууга гана кол коюп бергем. Ошону азыр териштирип жатабыз.

*«Спутник» басылмасынын журналисти Осмоновадан «долбоордун өзүн окудуңуз беле?» деген суроо узатканда, депутат телефонун өчүрүп салган.

Бактыбек Райымкулов:

— Жаңы редакцияда депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу каралгандыгы үчүн макул болдум. Өзүм жазуу ишине катышкан эмесмин, жөн гана демилгени колдоп бердим.

Искендер Гайпкулов:

— Мен колдоп бердим. Кандай шартта болгонун айтууга убактым жок, Жогорку Кеңешке келгиле, түшүндүрүп берем.

Улугбек Ормонов:

— Ооба, мен колдоп жатам. Бизде качан парламенттик башкаруу болду эле? Биринчи ушуга жооп береличи. Жазуусу бир, аткарылышы башка болуп келди да. Чындыкты ачык айтып иштейли, өкмөттүн жоопкерчилигин дагы толугу менен мойнума алам деп жатпайбы президент. Андыктан биз өзүбүздү өзүбүз алдабай, бир башкарууга өтүшүбүз керек.