«Ким жазганын билбейм». Мавлянова Конституциянын жаңы долбоорун колдобойт

Махабат Мавлянова

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова «Би-Би-Си» басылмасына маек куруп, Конституциянын жаңы долбооруна каршы экенин билдирди. Анткен менен Мавлянова долбоордун авторлорунун бири катары көрсөтүлгөн.

Мавлянованын айтымында, ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун «үстүртөн гана окуп, кол койгон».

«Документ колума 16-ноябрда тийип, "коомдук талкууга коюш керек", "мөөнөттөн уттурсак, президенттик шайлоо менен кошо референдумга чыкпай калат, анда бюджетке кошумча чыгым болот" дешкенинен үстүртөн таанышып эле, демилгечи депутат катары кол коюп бергем», — деди Мавлянова.

Кийинчерээк Мавлянова Конституциянын жаңы долбоорун терең изилдеп келгенден кийин, «бийликтин көбү президент жакка ооп калганын» байкаганын айтат. Ошондой эле депутат «Элдик курултайдын үнү парламентке караганда бийик болуп калганын» белгилеп, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна макул эмес болгонун айтты.

«Эксперттик топко депутат катары катышуу укугум бар. Бул тууралуу ниетимди да билдиргем, бирок мага кабар беришкен жок. Долбоорду даярдоого катышып, сунуш-пикирлерибизди айтабыз деп ойлогом. Жеке сурангамын, бирок чакырышкан жок. Ким жазганын билбейм, маалыматым жок такыр. Мен сүйлөшкөн депутаттардан экспертти топко эч ким кирбептир. Мен, албетте барын сурап чыккан жокмун. Ага ким кирди же кирбеди билбейм», — деп билдирди Мавлянова.

Мавлянова мыйзам долбооруна макул эместиги тууралуу парламенттин спикери Талант Мамытовго кат жиберип, Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө арыз таштаганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгышкан — анткен менен алар долбоордун демилгечилери катары көрсөтүлгөн. Алардын арасында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев, КСДПдан Иса Өмүркулов жана «Республика — Ата-Журттан» Айгерим Бешимбаева болгон.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев Конституциянын жаңы долбоорунун автору Садыр Жапаров болгонун айткан.

Ошондой эле кээ бир депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорун аны менен толук танышпай эле демилгечи болушканын ачыкташкан.