«Мени отуруп алып жазды деп ойлойсуңарбы?» — Икрамов Баш мыйзамдын долбоору боюнча

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов жаңы конституция боюнча мыйзам долбооруна «жөн гана кол койгон». Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына билдирди.

Икрамов мыйзам долбоору менен үстүрттөн гана таанышканын, негизинен ал «кандай» экенин билбей турганын айтты.

«Мен жаңы Конституциянын демилгечиси эмесмин. Бул долбоор талкууланып гана жатат, мен жөн гана колумду койдум. [...] Референдум болот, эл чечим кабыл алат. [...] Силер мени отуруп алып ушул мыйзамды жазды деп ойлойсуңарбы? Демилгечилер башка», — деди Икрамов.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-ноябрда Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланып, ага 81 депутат кол койгону айтылган.

Бирок «Ата Мекен» фракциясынан депутат Эмил Токтошев ага кол койгонун «соцтармактардан гана» окуганын айтып чыкты.

«Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм! Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден каршылыгымды айтып, чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!» — деди ал.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, «Элдик курултай» делген жаңы органды киргизүү сунушталууда. Ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда «премьер-министр» кызматы «өкмөт башчыга» өзгөртүлгөн, бирок өкмөттү президент жетектейт.

Ошондой эле жаңы долбоордо сөз эркиндиги чектелип калышы мүмкүн болгон жагдайлар да бар. Мындан улам айрым активисттер, юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү нараазы болуп, каршылык акцияларын уюштурууну демилгелеп жатат.