Бекешев Бектур Зулпиевди жазага тартуу өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылды

Депутат Дастан Бекешев президенттин аппарат башчысынын орун басары Бектур Зулпиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Зулпиев эмне иш кылды эле?

Депутат фейсбук барагында билдиргендей, Зулпиев Кыргызстандын Конституциясын бузуп, укугу жок болсо да Конституциянын жаңы долбоорун түзүүгө кийлигишкен.

КРнын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, президент жана Президенттик аппараттын жаңы мыйзамдарды, анын ичинде Конституциянын жаңы долбоорун сунуштоого укугу жок.

«Президенттик аппараттын кызматкерлери кызматтык ыйгарымдарынан аша чабышты, бул “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдоодо, ошондой эле долбоорду демилгелөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол чогултууда айкын болду», — деп Бекешев.

Конституциянын жаңы версиясынын автору деп парламенттин сайтында көрсөтүлгөн 80 депутаттын ичинде Зулпиевдин фамилиясы жок. Бирок Баш мыйзамдын долбоору даярдалган файлды түзүү тарыхын караган учурда жана редактирлөөдө Зулпиевдин документти түзүүгө жана оңдоого катышкандыгы тууралуу маалымат сакталып калган.

Долбоордун артында тек гана Бакиевдин юристи турарын бир нече саясатчылардын маалыматтары тастыктады. Анын негизинде Зулпиев ыйгарымдарынан аша чапканы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтерек Бектур Зулпиев Конституциянын жаңы долбоорунун автору эмес, чыныгы авторлор тууралуу маалымат кийинчерээк айтылаарын билдирген.

Депутат Дастан Бекешев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ сакталган флеш-топтогуч президенттик аппараттан алынып келингенин, андан соң парламенттин сайтына жүктөлгөндүгүн билдирди.

Конституциянын жаңы долбоорунун тарыхы

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.