Президенттин басма сөз кызматы: Конституциянын жаңы долбоорунун автору Зулпиев эмес

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек 19-ноябрда конституциялык долбоордогу Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Бектур Зулпиевдин «авторлугун» төгүнгө чыгарды.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү авторлор өздөрүн тааныштырып, баш мыйзамдын долбоорунун коомдук талкуусуна катышат.

«Конституциялык реформа маселеси катуу айтылып жатканда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автолору документти ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго көрсөтүшкөн. Ал өз кезегинде, аталган документти мыйзам долбоору катары, салыштырмалуу сабаттуу кылып жасалгалап берүү үчүн Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнө өткөрүп берген», – деди Байтерек.

Андан соң, авторлор долбоорду парламентке жөнөтүшкөн. Ошондуктан парламенттин сайтынан көчүргөн учурда, автор деген графада Бектур Зулпиевдин аты-жөнү көрсөтүлүп калып жатканын түшүндүрдү Байтерек.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө караганда, файл сакталган флешканы автордон башка ведомстволорго беришкен эмес, аны дароо президенттин аппаратынан алып келип парламенттин сайтына жүктөп беришкен.

«Конституциянын долбооруна кол койгон депутаттар мыйзам долбоордун авторун билишпейт, бирок Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы баарын билет. Ал флешка кабинеттен кабинетке өтүп отуруп, ЖКга жеткенин айтып берди. Бул жалган», — деп жазды ал.

Буга чейин, 19-ноябрда жыйын өтүп, анда аппарат башчынын орун басарынын аты-жөнү жаңы Конституциянын документинде кандайча жазылып калгандыгы талкууланган.

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы анаркулов 18-ноябрда Зулпиевдин Конституциянын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок деп билдирген.

Ошол күнү депутат Дастан Бекешев видео жарыялап, анда ал парламенттин сайтынан Конституциянын долбоорун жүктөп алып, документти «Microsoft Word» программасында ачканда анын жөндөөлөрүндө Бектур Зулпиевдин аты чыгарын көрсөткөн.

Бектур Зулпиев деген ким?

Расмий маалыматтарга караганда, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин 55 жаштагы бүтүрүүчүсү көпкө созулбаган окутуучулук ишмердүүлүгүнөн кийин, тагыраагы, 1997-жылы БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган.

Зулпиев 2001-жылы Боршайкомдун төрагасы Сулайман Иманбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылы, Жоогазын революциясынан кийин президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын укуктук саясат бөлүмүн жетектеп баштаган. Төрт жылдан кийин Бакиевдин аппаратынын юридикалык кызматынын жетекчилигине дайындалган.

Бектур Зулпиев 1998 жана 2003-жылдарда Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик топко кирген.

Зулпиевди «Бакиевдин юристи» деп айрым ЖМКлар гана эмес, саясатчылар да айтышат. Экс-президент Роза Отунбаева жакында эле берген интервьюсунда эски адамдар башкаруу позицияларына келип жатканын, жаңы баш мыйзамды Зулпиев жазып жатканын эшиткен.

«Мисалы, азыр Бакиевдин юристи Конституция жазып жатат. Мен парламентте жүргөн кезде, ушул эле Бакиевдин юристи дал ушинтип Сыдыков менен Абдиевди коргогон мыйзам долбоорун көтөрүп келген. Анда, эгерде Бакиев ооруп кала турган болсо, анын бийлиги уулу Максимге (Бакиевге) өтө турганы жазылган болчу. Эми ушул кишилер, эчтеке болбогонсуп, 10 жыл өткөн соң, саясат менен коом алдыга кеткенде кайтып келип отурат… Мен таң калып атам, кайсыл акылы менен мыйзам жазып жатты экен», — деген Отунбаева.

Конституциянын жаңы текстти Бакиевдердин юристинин калеминен жаралганын укук коргоочу Динара Ошурахунова дагы билдирди.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Зулпиев автор экенине күмөн санайт.

«Бектур Зулпиев юрфакта эң мыкты окутуучу эле. Чет өлкөлөрдүн конситуциялык укугу деген сабакты семичкедей чагып, мээге куюп окутуп койчу. Баш мыйзамдын долбоорун Зулпиев жазды дегенге ишене албайм. Сабатсыз бирөөлөр жазып алып, Бектурга түртүп койгондой», — деп эсептейт Сооронкулова.

Конституциянын жаңы долбоору

17-ноябрда Парламенттин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду — «Республика — Ата-Журттун» 23 мүчөсү, КСДПнын 18 депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын 14 эл өкүлү, «Өнүгүү Прогресстен» 12, «Бир Болдон» жети жана «Ата Мекенден» алты.

Алардын ичинен көбү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышышкан.

Документ жарыяланган түнү эле юристтер, айрым депутаттар жана соцтармак колдонуучулары сунушталган өзгөртүүлөрдү кескин сынга алышкан.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса өлкө авторитаризм менен «Бакиевдин убагына кайтышы мүмкүн» деп эсептейт.

«Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт депутат Дастан Бекешев.

Социалдык тармактарда баш мыйзымдын бул долбоору «Ханституция» деген атка конгон.

Бирок Конституцияга түзөтүүлөрдү демилгелеген Жапаров өзү айтылып аткан сындарга макул болгон жок.

«Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек», — деп жазган ал фейсбук барагында.

*Фейсбук барактагы бул билдирүү Садыр Жапаровдун атынан жазылган. ЖМКлар бул билдирүүгө чиновниктин расмий пикири катары шилтеме берүүдө. Бирок аталган барак Садыр Жапаровго тиешелүү экендиги бүгүнкү күнгө чейин анык эмес. Жапаровдун басма сөз катчысы — Дастан Дүйшөкеев ЖМКга Жапаровдун социалдык тармакта бир гана расмий аккаунту бар экенин айтканы менен ал кайсыл экенин ачыктаган эмес.

Ал боюнча референдумду 2021-жылы 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өтө турган күнү өткөрүү сунушталууда — тагыраагы, парламенттик шайлоого чейин. Садыр Жапаров буга чейин алгач президенттик шайлоону өткөрүп, андан соң түзөтүү киргизүү боюнча референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айтып келген. Бирок Конституциянын долбоорунун биринчи беренесинде төмөндөгүдөй жазылган:

«Кыргыз Республикасынын аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнү белгилөө», — демек, бийлик президенттик шайлоо жана конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдумду бир күндө өткөрүүнү чечкен.

Конституциянын долбоору эмнени сунуштайт?

Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Мындан тышкары, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.

Мисалы, жаңы Конституциянын 23-беренесинде төмөнкүдөй айтылат:

Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: