Кыргызстанда COVID-19 жуктурган алты киши дүйнө салды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-ноябрда коронавирустан алты бейтап каза болгонун кабарлады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 2;

Чүй облусу — 2;

Талас облусу — 1;

Ош облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 237ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, коронавирустан 83 медкызматкер көз жумган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрга карата COVID-19дан каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 69 885 учуру катталды. Ооругандардын 61 160ы илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.