Коронавирусту жуктурган төрт киши каза болду — жалпы 1 241 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-ноябрда коронавирустан төрт бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, бирден бейтап Талас жана Чүй облустарында катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 241ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, коронавирустан 83 медкызматкер көз жумган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрга карата COVID-19дан каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 70 366 учуру катталды. Ооругандардын 61 593ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.