Жапаров: Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганын тастыктап берем

Садыр Жапаров 7-каналга маек курду

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 2010-жылы Өмүрбек Текебаев «Мегакомду» Маевскийге сатам деп андан 1 млн доллар алганы анык экенин 7-каналга берген маегинде айтты.

Ал учурда сотто орусиялык ишкер делген Маявскийден Текебаевдин 1 млн доллар алганы боюнча иш каралып жатканын кошумчалады. Жапаров Текебаевдин бул каражатты алганын саясий элита, депутаттардын бардыгы биле турганын белгиледи.

«Керек болсо Феликс Кулов дагы билет, Кулов калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем», — деди ал.

Анткен менен мурдагы депутат Феликс Кулов Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганы боюнча билген болсо анда аны учурунда колдоп чыкпай турганын фейсбук барагына жазды.

Кулов Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганы боюнча маалымат ЖМКга чыкканда ал орусиялык ишкерди өлкөгө декларацияланбаган ири көлөмдөгү акча алып киргени үчүн жоопко тартуу керектигин айтып чыкканын кошумчалады. Ал ошондой эле тергөө учурунда Маевский тарабынан Кыргызстанга акча алып кирилбегени жана анын банк эсебинин бир тыйын дагы алынбаганы аныкталганын жазды.

«Садыр Жапаров 7-каналдын эфиринде Текебаев пара алганын тастыктап бере аларын айтты. Эгер анын айткандары жөн эле сөз эмес болсо анда ал сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Андай болбосо анын айткандары кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат берүү катары эсептелет», — деди Кулов.

Жапаров 2010-жылдары «Мегакомду» эки топ сатууга аябай аракет кылганын, алардын бирөө Текебаевдин тобу болгонуна токтолду. Текебаевдин тобу аны Маевскийге сатам деп сүйлөшүп, алдын ала 1 млн долларын алып, аны 2010-жылдагы парламенттик шайлоого жумшаганын маалымдады. Жапаровдун айтымында, Текебаевдин «Ата Мекен» партиясы парламенттик шайлоодо жеңип келгенден кийин компанияны бирөтөлө сатып, чөнтөк кызыкчылыгы үчүн 10-15 млн доллар алмактыгын белгиледи.

Бирок Жапаров ошол учурда «Мегакомду» сатпаш керек деп чырылдап, ал 100 пайыз мамлекеттин менчиги болушу керек деп чыкканын кошумчалады.

«Бардык документтерди топтоп “Мегаком” 100 пайыз мамлекетке өтүшү керек, минтип силер бөлүп-бөлүп жиликтеп сатпагыла” деп кыйкырып чыгып, 120 депутатка документтерди таратып бергем. Ошол учурда бул ишти карай турчу сотторго дагы документтерди колуна карматкам. Кимде ким ушул нерсени ишке ашырып берсе 20 жылдан кийин болсо дагы камаласыңар дегем», — деди ал.

Жапаров анын дал ушундай аракетинен кийин ишти соттор карабай, Жогорку Кеңеш чечпей койгонун айтты.

Ал бүгүнкү күнү аталган компания мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп, миллиарддаган сомдорду салык кылып төлөп жатканын кошумчалады.

Текебаевди мандаттан ажыратуу чечими

Ал ортодо Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат мыйзамсыз берилгени боюнча өкүм чыгарды. Аны Текебаев саясий чечим деп атады.

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат», — деген пикирин ал «Азаттыкка» билдирген.

Текебаев 15-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Анын эл өкүлү болушу үчүн партиялашы Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан баш тарткан. Анткен менен коомдук активист Темирлан Ормуков БШК Текебаевге мандатты мыйзамсыз берди деп сотко кайрылган. Ормуковдун айтымында, айыпталуучу статусу барлар эл өкүлү боло албайт.

«Мегакомдун» айланасындагы чыр

2017-жылы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевга каршы «Мегаком» уюлдук операторунун тегерегиндеги окуяларга байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин козгоого орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү себеп болгон. Ал уюлдук оператордун үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин билдирген. Бирок ишкердин айтымында саясатчы өз убадасын аткарбай койгон.

Кыргызстандын бийлиги саясатчыны жана анын эки партиялашын «Мегакомдун» акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп күнөөлөп, аны далилдейт деген документтерди Белизден келди деп билдирген.

Кийин Леонид Маевский алдамчылыкка шектелип Орусиядан кармалган.