Саясат таануучу Эмил Жороев «ПолитКлиника» басылмасына 24-ноябрда маек курду. Анда ал Баш мыйзамдын долбоору тууралуу пикирин жана сунуштарын айтты. Жороевдин айтымында, ал аталган долбоорду толугу менен окуп чыккан жана ал «болбогон» долбоор.
Ошондой эле, Жороев Баш мыйзамдын долбоору сунушталгандан кийин ага өзгөртүү киргизүүгө болбойт деп айткан. Мындан сырткары, ал бул Конституция президенттик бийликтин чексиздиги менен «кооптуу» деп эсептейт.
«Президент реалдуу түрдө эч кимге жооп бербейт. Президенттин бир гана жоопкерчилиги болуп беш жылдын кийин шайлоого баруу гана милдети болуп калат. Беш жылдын ичинде боло турган жоопкерчилик тууралуу такыр жазылган эмес, ал эми парламент болсо байкоочу кеңештей эле отуруп калат», — дейт саясат таануучу.
Мындан сырткары, Жороев руханий байлык жана тарбия тууралуу Баш мыйзамдын башкы беренелерине жазылып калгандыгын да туура эмес деп эсептейт.
«Коркунучтуу жери “нрава” деген эмне, “руханий байлык” деген эмне, “тарбия” деген кандай түшүнүк деген нерселер берилген эмес да. Мисалы тарбия ар региондо ар башкача, мунун баарын ким кантип көзөмөлдөп мыйзамга салат?» — деп суроо салган Жороев.
Ошондой эле, Жороевдин айтымында, президенттик жана парламенттик шайлоо өткөндөн кийин гана реформа өткөрүү керек.
«Конституцияны өзгөртсө деле, ал акырында баари бир катаал кемчиликтери бар документ болуп келип чыгат. Менин сунушум — ыраатту жол менен жаңы конституция кабыл алабыз десек, анда жаңы долбоор жазылышы керек, анан да маанилүү жери конституция легитимдүү жолу менен кетиши керек», — деп түшүндүрдү Жороев.
Конституциянын жаңы долбоору
17-ноябрда Парламенттин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ошол эле күнү кечинде парламентарийлер демилгелеген түзөтүүлөр юрист, айрым депутаттар жана соцтармактын колдонуучулары тарабынан кескин сынга алына баштаган. Алтургай социалдык тармактарда жаңы долбоор «Ханституция» деген атка да конду.
Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, «Элдик курултай» органын киргизүү сунушталууда — ал «кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган» болмокчу.
Учурда Конституциянын жаңы жолбоорун Конституциялык кеңешме карап жатат. Ага 90го жакын киши кирген. Арасында юристтер, юридика илимдеринин докторлору, коомдук активисттер бар. Бирок сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы пикир билдирип чыккандар дээрлик жок.
Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда.
Тема боюнча:
Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?