Өкмөттүн Оштогу өкүлү шайлоодо админресурс колдонулбайт деп убадалады

Жарасул Абдураимов

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов 10-январдагы президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт деп ишендирди. Мындай билдирүүнү ал 24-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жасады.

«Биринчиден дароо эле айтам мен тараптан эч кандай админресурс болбойт. Муну байкап турасыздар. Ар бир райондун жетекчилерине да ушундай тапшырма берилет. Бизде шайлоо таза өтүшү боюнча штабды көзөмөлдөп туруу бул биздин милдетибиз. Биз аны түзөбүз. "Муну шайла, аны шайла" деген бир да тапшырма берилбейт», — деди Абдураимов.

Абдураимов облустун башчылыгына президенттикке талапкер Садыр Жапаров бийликте турганда келген. Бирок ал саясаттан алыс болуп, көбүнчө чарбалык иштерге көңүл бурарын белгиледи.

Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп 19-октябрда дайындалган. Ал Алай районунун Гүлчө айлында туулуп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. «Ишеним» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси, Нанотехнологиялар институтун негиздеген. Мындан сырткары ал ондон ашуун компаниянын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. БШК талапкер катары 47 кишини каттады. Ал эми 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо болуп өткөн. Шайлоодо административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана форма №2 менен жапырт каттатуу фактылары орун алган. Мындан улам шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык жаралып, анын жыйынтыгы менен бийлик алмашкан жана шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.