«Шайтанга деле кызмат кылууга даяр». Бекешев парламентте жаңы көпчүлүк коалициясын түзүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын түзүүнү сунуштады. Ал азыркы коалиция «шайтанга деле кызмат кылууга» даяр экенин билдирди.

Депутат 4 жыл мурда түзүлгөн бул коалиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке бекиткенин, ал эми Атамбаев тактан кулаган соң экс-президентти кол тийбестигинен ажыратып, Жээнбековду колдоп бергенин эске салды.

«Октябрдагы окуялардан кийин ошол эле көпчүлүк коалиция башкаларды колдоп жатат. Эртең Сооронбай Жээнбековду жамандагыла десе, көпчүлүк коалиция ошого дагы даяр деп ойлойм. Депутаттардын 90%ы башка партиялар менен шайлоого катышкан. Орусча айтканда, “Все смешалось в доме Облонских”*. Кээ бир фракциянын лидерлери Конституцияга каршы болуп жатышат, бирок кээ бир мүчөлөр колдоп жатышат. Ушундай бара берсек, эртең көпчүлүк коалициясы шайтанга кызмат кылууга даяр», — деди Бекешев.

*«Облонскийлердин үйүндө баары аралашып кетти», — Лев Толстойдун «Анна Каренина» чыгармасынан цитата.

Бекешев фракция лидерлерин көпчүлүк коалициядан чыгууну ойлонуп көрүүгө чакырды. Ал ушул тапта парламентте «Республика–Ата Журт» партиясы маанилүү роль ойноп жатканын белгилеп, ага жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүү вазыйпасын ыйгаруу керек деди.

Коалициянын тарашы өкмөт отставкага кетерин билдирет. Учурдагы көпчүлүк коалиция 2016-жылы түзүлгөн. Ага үч фракция кирген: КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол».

2017-жылы апрелде «Республики–Ата Журт» фракциясы коалицияга кошулган.