Таласта өспүрүм балдар 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

18-ноябрда Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын айтып милицияга арыз жазган. Арызда бир күн мурун өспүрүм кыз 16 жана 17 жаштагы балдар тарабынан зордукталганы айтылган.

Бул маалыматты «Азаттык» басылмасына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Бир ай мурда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында биринчи класста окуган кызды зордуктоого шектелип 29 жаштагы тургун кармалган. Ал эки айга убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.