Атамбаевдин үч кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилди

Сүрөт Кундуз Жолдубаеванын фейсбук барагынан алынды.

Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуяларына байланышкан соттук териштирүү уланууда.

25-ноябрда өткөн сот отурумунда судья Азирет Медеров Кой-Таш окуялары менен Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан дагы башка эки кылмыш ишин бириктирүүнү чечкенин билдирди.

Ага ылайык, Атамбаевдин резинциясын штурмга алуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине байланышкан иштер бир соттук өндүрүшкө бириктирилди.

Соттук отурумда айыпталуучулар мындай чечимге макул эместигин билдиришти. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча кылмыш иши башка иштер менен таптакыр байланышы жоктугун айтты. Ал эми Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева судья кандай негизде бул кылмыш иштери бириктирилгенин түшүндүрүп бербегенин фейсбук барагына жазган.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев отурум аяктагандан кийин, айыпталуучулар сот процесси учурунда гана иштердин бириктирилгендиги тууралуу кабардар болушканын билдирди.

«Үч иш бир өндүрүшкө бириктирилген, бирок, тилекке каршы, мыйзам талап кылганынан карабай, судья бизге жөнөткөн эмес. Процесстин катышуучулары бул бириктирүү тууралуу кабардар болгон эмес. […]. Азыр сот бизге токтомду таркатып берсе, кенен таанышабыз. Чынында сот туура эмес кадамга жол берип жатат. Бүгүнкү талкууланган абалда, үч ири кылмыш ишин бириктирирүү мыйзамсыз», — деди Слесарёв.

Атамбаев өзү отурумга катышкан эмес. Адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, ал эртең мененки убакта сотко келе албастыгын арыз аркылуу билдирген.

«Мурдагы өлкө башчысы эртең мененкисин кан басымы төмөн болгондуктан, сот жыйындарын түштөн кийинки убакка жылдырууну өтүнгөн», — деди Замир Жоошев

Ошондой эле, Свердлов райондук сотунда 25-ноябрда күндүн экинчи жарымында мурдагы башпрокурор Аида Саляновага карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароо улантылган. Отурум учурунда Алмазбек Атамбаевди онлайн суракка алууну чечишкен, бирок ал ден соолугуна байланыштуу баш тарткан.

Бул отурумдун башка айыпталуучулары да, тагыраагы, 6-октябрда абактан бошотулуп, ошол бойдон кайрылып келбеген Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов жана Карыпбек уулу Рыспек дагы катышкан эмес. Жыйынтыгында судья процессти 27-ноябрга саат 14:00гө жылдырды.

Атамбаев алты кылмыш ишинде айыпталуучу катары сурак берүүдө — Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот Атамбаевдин күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан.