Депутат Сагындык Келдибаев парламенттин 26-ноябрдагы отурумунда Бишкек катализатору жок жүргөн машиналардын айынан абасы булганган шаарлардын катарын толуктаганын билдирди.
*Катализатор — бул унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө чыгынды газдарында адам жана экология үчүн зыян химиялык бөлүкчөлөрдү (көө, углерод жана азот кычкылтегин) чыпкалаган түзмөк. Бул заттар катализатордо аягына чейин күйүп, анчейин зыян эмес заттарга айланып чыгат.
Депутаттын айтымында, көпчүлүк унааларда катализаторлор иштебейт же таптакыр жок.
«Азыр интернетте катализаторлорду кымбат баада сатып алабыз деген жарнама чыгып жатат. Эмне себептен булар текшерилбейт? Мына, башка ири шаарларда катализатору жок унааларды айдоого тыйуу салынган», — деп билдирди ал.
Келдибаев иштеп турган катализатору жок унааларды каттоого албоо сунушун айтты.
«Айлана-чөйрөнү коргоо органдары иштесин. Азыр чакан унаалар үчүн катализаторлор 25-30 миң сом турат, ири унаалардыкы 1000, 1500 доллар. Алар жаңы унаалардыкын чыгарып алып, ушундай баада сатып жатышат», — деп кошумчалады парламент депутаты.
Автоууналар абаны өтө булгабашы үчүн катализаторлор керектиги тууралуу тема буга чейин да көтөрүлүп келген. 2019-жылы активисттер аба булгангандыгынан улам Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышкан.
Алар желдетүүнү эске алуу менен шаарга көп кабаттуу курулуштарга чектөө коюуну, коомдук транспортту өнүктүрүүнү, автоунааларга чыпкалар менен катализаторлорду орнотууну жана эски унааларды киргизүүгө тыюу салууну талап кылышкан.
Ал учурда өкмөт Бишкекте экологиялык абалды жакшыртуу боюнча 33 пункттан турган долбоорду иштеп чыкканын кабарлап, бирок ал ишке ашырылабы-жокпу жана ал ишти ким алып бараары айтылган эмес. Ал күндөн бери бийлик тарабынан конкреттүү кадамдар жасала элек.
Ошол эле учурда, борбор калаада жолдор кеңейтилип жатат, демек автоунаалардын саны көбөйүп, абанын булганышы мындан ары дагы жогорулайт.
Кыш келип, борбор калаада жылытуу сезонунун башталышы менен Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу маселе курчуйт. Абанын кир болушуна шаардагы машиналардын саны көп болгону, ошондой эле Бишкекке чектеш жайгашкан конуштар жаратылыш газы менен камсыздалбаганы таасир этет. Жаратылыш газдын жоктугунан улам тургундар үй жылытуу үчүн көмүр колдонууга аргасыз.