Кабарчы Аскарбек Мырзабековго чакырууну аймактык милиционер 25-ноябрда үйүнө алып келген. Бирок ал чакырууда «Клооптун» кабарчысы кайсы иш боюнча сурак берери жана анын статусу жазылган эмес.

Мырзабеков суракка барганда тергөөчү анын, экоактивист Бакыт Турганбаевдин жана оператор Калыйбек Нурдиновдун үстүнөн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутаты УКМКга, райондук прокуратурага жана милицияга арыз жазышканын айткан.

Буга Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары, алтын өндүргөн компаниянын өкүлдөрү, тургундар жана жергиликтүү активисттер катышкан жыйында биздин кабарчы Мырзабеков тарткан тасма себеп болгон. Жыйында тургундардын айылдык кеңештин депутаттары алтын өндүрүүдө цианид колдонууга уруксат берген токтомду жокко чыгарып берүү талабы талкууланган.

Ал эми Мырзабеков 25-ноябрда суракка барганда Марат Жабайкулов аттуу тергөөчү арыз менен тааныштырып, бирок кайсы берене менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган эмес. Суракка Мырзабековдон сырткары оператор Нурдинов жана айылдык кеңештин эки депутаты барган.


Бирок депутаттар кайсы иш боюнча суракка чакырылышканын билбестигин жана Мырзабековдун үстүнөн даттанышпаганын айтышкан.


Мырзабековдун айтымында, Жабайкулов сурак учурунда андан жыйында тартылган тасманы көрсөтүүнү талап кылган. Ошондой эле тергөөчү журналисттин Whatsapp мессенджериндеги жазышууларын окуп, Youtube-каналына жүктөлгөн тасманы өчүрттүргөн.

«“Телефонду алып кел” деп, “видеону көрсөт” деди, “Чаткал көйгөйү” деген Whatsapp группага кирип текшерди. “Ийгилик Тургуналиев менен тыгыз байланышта экенсиң” деди. Видеолорду көрүп телефонуна тартып алды. “Ушунун негизинде ишке тиркейм, менин атым “Чаткал көйгөйү” группада аталса биринчи сени кармайбыз. Кытайда 999 жолу мүмкүнчүлүк берилет, миңичисинде атууга кетет. Мен сени ушундай кылбай эле, мындай эле бүтүп коёлу” деди», — деп сурак тууралуу айтып берди Мырзабеков.

«Клооп Медиа» коомдук фондунун юристи Фатима Якупбаева тергөөчү мындай аракеттери менен ыйгарым укуктарынан аша чапкан болушу мүмкүн экенин билдирди. Мындан улам «Клооп» басылмасы Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылат.

«Эгерде журналисттин айтканы чын болсо, анда тергөөчүнүн аракеттери “ыйгарым укуктарынан аша чабуу” катары бааланат. Мындай иштерди УКМК тергейт. Ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн жана башка аракеттерге байланыштуу “Клооп Медиа” тергөөчүнүн үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Башкы прокуратура жана ИИМге даттанат. Эгерде анын аракетинде мыйзам бузуу элементтери аныкталса, аны жоопко тартууну талап кылабыз», — деп түшүндүрдү Якупбаева.

Милициянын жообу

Тергөөчү Жабайкулов менен байланышканыбызда ал комментарий берүүдөн баш тартты. Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты. Анда Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары 26-сентябрда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышканы жазылган.

Арызда Каныш-Кыя айылынын тургуну Бакыт Тургуналиев соцтармактарда «Чаткал көйгөйлөрү» жана «Свои» аттуу группаларды ачып, «элдин атын жамынып» депутаттарды «оозго алгыз сөздөр менен такталбаган маалыматтарды айтып каралап жазганы» айтылган.

Ошондой эле депутаттар Мырзабеков менен оператор Нурдинов жыйындын жүрүшүн толугу менен тартып алганын белгилешкен. Депутаттар отурумдагы «такталбаган маалыматтар» алардын аброюна шек келтиргенин айтышкан. Мындан сырткары, депутаттар бул «маалыматтар адамдар ортосунда пикир келишпестикке, чагыштырууга чейин алып барып, фирмалардын ишин токтотуу үчүн элди провокацияга үндөп жатат» деп эсептешет.

Депутаттар «группадагы айрым адамдарга» карата юридикалык баа берип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Чаткал РИИБинде «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Облустук милициянын басма сөз кызматы Мырзабеков күбө катары суракка чакырылган деп ишендиришти.

Укук коргоо органдары Мырзабековдун жеке кат жазуучуларын окуган эмес жана ютуб каналындагы тасманы өчүрүүгө буйрук берген эмес деп билдиришти. Ал эми тергөө тергөө тарабынан эч кандай мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлгөн эместигин маалымдашты.

Анткен менен Мырзабеков жыйында тартылган тасманы Youtube каналына жүктөп аны шилтеме аркылуу гана көрүүгө мүмкүн кылганын айтат. Тасманын шилтемесин ал Тургуналиевге бөлүшкөн, ал шилтемени тайпага жиберген — бирок анда чагымчыл маалыматтар жана чакырыктар болгон эмес дейт.

Чаткалдыктарды түйшөлткөн цианид

«Клооптун» кабарчысы Аскарбек Мырзабеков Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 27-августта болгон жыйынын тасмага тарткан. Аталган жыйында Чаткал районунун тургундарынан турган «Чаткал көйгөйү» тобу, жергиликтүү депутаттар жана «Вертекс Голд Компани», «Чаарат ЗААВ», «Кичи Чаарат» алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында активисттер «Вертекс Голд Компани» жана «Чаарат ЗААВ» фирмалары алтынды цианид колдонуу менен өндүрүүгө уруксат берилген айылдык кеңештин мурунку чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ошондой эле тургундар «Кичи Чаарат» тарабынан аймактагы Көк-Дөбө жер тилкесине «экологиялык эрежелерди одоно бузуу менен курулган» калдыктарды сактоочу жайдан үнөмдөлгөн 60 миллион доллар тууралуу маалыматты ачыктоону талап кылышкан.

*2018-жылы Башкы прокуратура «Кичи Чаарат» компаниясынын лицензиясы бир канча жылдан бери мыйзамсыз узартылып жүргөнүн билдирип, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери жана ишкананын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон.

Мындан сырткары жергиликтүүлөр Чаарат кенин иштеткен компаниялар тургундардын 80 пайызын иш менен камсыз кылуусун каалашкан.

Жыйында үч компаниянын өкүлү алтын өндүрүү технологиясы тууралуу маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп берүүгө аракет жасашкан. «Чаарат ЗААВ» компаниясынын өкүлү өндүрүштө цианид аз санда колдонуларын тастыктаган. Калган эки компаниянын өкүлдөрү технологияны үстүрттөн гана айтып беришкен.

Мындан улам тургундар нааразы болуп, компаниялардан өндүрүү ыкмасы тууралуу документтерди көрсөтүүнү талап кылышкан. Жергиликтүүлөр алтын казылып алынгандан кийин кандай зыяндуу заттар абага жана топуракка, экологияга бөлүнүп чыгышын ачыктап берүүсүн каалашкан.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары чогулушту 10-сентябрда улантууну макулдашып, тарап кетишкен.

Бирок жыйындан кийин депутаттардын бири Мырзабеков менен чырдаша кеткен. Мырзабековдун айтымында, депутат тартылган тасманы «монтаждабай, алгач ага көрсөтүп, кийин жарыялоону» талап кылган. Бирок мыйзам боюнча айылдык кеңештин депутаты журналисттерге мындай талаптарды коюга укуксуз.

Ал эми 10-сентябрда экоактивисттер Айбек Мырза (Бузурманкулов) жана Венера Касымова Чаткал районуна келишип, Каныш-Кыя айылындагы дарыядан кир суу акканына күбө болушкан. Буга байланыштуу Бузурманкулов Чаткалдын жергиликтүү Экотехинспекция башкармалыгына арыз жазып, бийликке кайрылуу жасап жатканда ага белгисиз кишилер тоскоолдук жараткан.

Чырга милиция кызматкерлери да күбө болушкан, бирок эч кандай чараларды көрүшкөн эмес. Ал эми чогулгандардын бири Касымовага кол көтөрүүгө аракет жасаган. Көп өтпөй укук коргоо органдары чогулгандарды таратып салган.

Экоактивисттерге тоскоолдук жараткандардын арасында Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Самат Жолдошев да болгон.

Аскарбек Мырзабеков Чаткал районундагы экология жана алтын өңдүрүүдөгү көйгөйлүү маселелерди чагылдырып келген. Анын макалалары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот:

Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуга уруксат алганы аныкталды

«Алтын мафия». Чаткалда белгисиз адамдар экоактивисттерге тоскоолдук жаратты

«Жердеги жана суудагы цианид». Чаткалдыктар кытайлык компаниянын алтын өндүрүшүнө эмне үчүн каршы?

Чаткал району: Тургундар Чаткал дайрасын булгап жаткан алтын казуучу компаниясына нааразы болушууда