Ош шаарында жүрөккө клапан салуу боюнча уникалдуу операция жасалды

Кардиохирург Талант Эралиев 26-ноябрда өзүнүн фейсбук баракчасында Ошто жүрөккө аорталык клапанды имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасагалганын кабарлады. Операцияны «Кардио Азия Плюс», «Евро Клиник» жана Ош облусттук оорукананын дарыгерлеринен турган топ жасады.

Благодарю бога за такую возможность 🙏 Еще находясь на ординатуре в Новосибирске, мечтал сделать имплантацию клапана на...

Опубликовано Талантом Эралиевым Четверг, 26 ноября 2020 г.
>

Операция ОшМУнун 86 жаштагы профессору Салы Каримовго жасалган. Бейтапта жаш курагына байланыштуу аорталдык клапанда өзгөрүүлөр пайда болгон.

Дарыгерлер операцияны «TAVI» («Аорталдык клапанды транскатетердик имплантациялоо») технологиясы менен жасады — анда бейтаптын жүрөгү токтоттулбай, сандагы артерия аркылуу жасалан.

«Бейтап эс учунда болгон, ооруну сездирбей турчу укол белгилүү жерлерге гана сайылган. Бул жерде денени ачып операция жасоо кооптуу болгондуктан биз транскатетердик технологияны колдонууну туура көрдүк», — деп жазды Эралиев.

Ал ошондой эле, бейтаптарга ушундай ыкма менен операция жасоо алда канча жакшы экенин айтты. Себеби, операциядан кийин бейтаптын калыбына келүүсү тездейт жана кадимки жашоо-турмушка эрте аралашат.

Анын айтымында, операциянын мындай технологиялар менен жасалганы саламаттык сактоо тармагынын өнүгүп жатканынан кабар берерин кошумчалады.