УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада экенин тастыктады

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада жатканын тастыкады. Бирок Ташиев диагнозун ачыктаган жок.

«Урматтуу кыргыз калкым! Эч кимге айтпай, 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар. Миңдеген-миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты — мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын», — деп жазды Ташиев.

26-ноябрда Ташиев жүрөк оорусу менен ооруканага түшкөнү белгилүү болгон — бирок УКМКнын басма сөз кызматы «тынчсызданууга негиз жок» экенин билдирген. Учурда ал кайсы ооруканада жатканы белгисиз.

Камчыбек Ташиев быйыл июль айынын башында эки тараптуу пневмония менен ооруган. Ал үйүндө дарыланып жаткан маалдагы сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Кийин абалы оорлошкондуктан ооруканага жаткырылган. Анткен менен кайра 9-июлда ооруканадан чыгарылып, дарылануусун үйдөн уланткан.