Камчыбек Ташиев жүрөгүнөн улам ооруканага жаткырылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жүрөгүнөн улам ооруканага жаткырылды. Мекеменин маалымат кызматы тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

«Абалы канааттандыраарлык. Тынчсызданууга негиз жок. Жакын арада ишке чыгат», — деп УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Анткен менен мекемеден Ташиев качан жана кайсы ооруканага жаткырылганын такташкан жок.

Камчыбек Ташиев быйыл июль айынын башында эки тараптуу пневмония менен ооруган. Ал үйүндө дарыланып жаткан маалдагы сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Кийин абалы оорлошкондуктан ооруканага жаткырылган. Анткен менен кайра 9-июлда ооруканадан чыгарылып, дарылануусун үйдөн уланткан.

Камчыбек Ташиевдин ооруп жатканы боюнча социалдык тармакта тараган сүрөт

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин Камчыбек Ташиевди дароо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына дайындаган.

Ташиев Жапаровдун жакын жосу, санаалашы. Алар «Мекенчил» партиясын түптөшкөн. Ташиев быйыл 4-октябрда болгон парламенттик шайлоодо дал ушул партияны жетектеп барган.