Камчыбек Ташиев ооруканадан чыгарылды, ал дарылоону үйүндө улантат

Камчыбек Ташиев

Саясатчы Камчыбек Ташиев 9-июлда ооруканадан үйүнө чыгарылды. Маалыматты Ташиев өзүнүн фейсбук баракчасында жарыялады.

«Биз бүгүн больницадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз [...] Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын!», — деп жазды экс-депутат.

Камчыбек Ташиевге 3-июлда эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган, бирок буга карабастан ал үйүндө дарыланып жаткан. Кийинчерээк, 6-июлда, анын абалы оорлошкондуктан ооруканага жаткырылган.

Анын иниси Шаирбек Ташиев буга чейин Камчыбек Ташиевдин аялы да эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылганын айткан.

Өлкөдө коронавирус менен чогуу пневмонияга чалдыккандардын да саны өсүүдө. Акыркы төрт айда 3 миңден ашуун адам пневмония оорусу менен ооруканаларга кайрылган. Ал эми март айынан баштап 9-июлга карата пневмониядан жалпы 310 адам каза болду — акыркы сутка ичинде 42 киши өмүрү менен кош айтышташкан.