Алайда 60 орундуу инфекциялык оорукана пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Бул тууралуу республикалык штаб 30-ноябрда кабарлады.

Оорукана катары өзгөртүлгөн имарат буга чейин мектеп болгон. Бирок өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нуркыз Кадырбекова алгач имарат оорукана катары курулуп, адистердин жетишпестигинен билим берүү мекемесине айланган болчу дейт.

Кадырбекова окуучулар жакын арадагы мектепте окуп башташарын белгиледи.

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алган оорукада портативдүү рентген орнотулду.

Буга чейин Алай райондук ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев Covid-19 кооптуу илдет болгондуктан бейтаптарды дарылоо үчүн өзүнчө оорукана муктаждыгы бар экенин билдирген.

Коронавирус кескин жайлып жаткан мезгилде өкмөт аймактарга жаңы жугуштуу илдеттер ооруканасын курууну баштаган. Баткен менен Бишкектеги бейтапканалар бейтаптарды кабыл алууда. Ал эми Ош шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушунун 95% аткарылган жана мындай ооркана Нарын облусунда да курулуп жатат.

Кыргызстанда акыркы суткада 380 адам Covid-19 жуктуруп алды жана 5 бейтап каза болду. Ошондой эле 17 медицина кызматкерлеринен короновирус аныкталды.