Милиция: Бишкекте кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин тууганы кармалды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

ИИМдин басма сөз кызматы Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү — кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы кармалганын кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган адам мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну. 2016-жылы ал кыргызстандыктын ишенимине кирип, алдамчылык менен анын Honda Fit уунасын алып, андан соң машинаны үчүнчү тарапка сатып жиберген. Жабырлануучу 4 миң АКШ доллар зыянга учураган. Андан Соң Бишкектин Октябрь РИИББи УКТ мүчөсүн издөөгө жарыялаган.

ИИМдин кызматкерлери кармалган адамды райондун ИИБине өткөрүп берди, ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция анын башка кылмыштарга аралашып-аралашпаганы боюнча тергөөнү улантып жатат.

Рыспек Акматбаев Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал бир нече адам өлтүрүү иштеринде айыпталып, бирок кийин акталган.

2005-жылдын жаз айларында аныкталбаган жагдайларда анын уулу каза болгон. 2005-жылдын октябрь айында анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев Молдовановкадагы түзөтүү абагына барып каза тапкан.

Акматбаев өзү 2006-жылы депутат болуп парламентке келгенден кийин бир ай өткөн соң Көк-Жар айылындагы мечиттин кире беришинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.