Ош шаарынын бюджетине тогуз айда 102 млн сом түшпөй калды

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине тогуз айга пландалган 824 млн сомдун 722 млн сому чогулган же казынага пландалган каражаттын 12 пайызы түшкөн эмес. Бул тууралуу 30-ноябрда калаанын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев шаардык кеңештин кезектеги сессиясында билдирди.

Казынага калган каражат коронавирус пандемиясынан улам түшпөй калган.

«Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр экономикалык активдүүлүктүн кыскарышына алып келди. Мындан улам быйылкы жылга белгиленген социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөдү», — деп мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, жалпысынан алганда жылдын башындагы калдыктарды кошкондо жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 919 млн сомду түзөт.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы план-тапшырманы 5,1 млн сомго же 0,8 пайызга ашыгы менен аткарган. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынын бюджетинин 86,7 пайызы салыктардын эсебинен жыйналат.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 27-январда үстүбүздөгү жылдын бюджетин кабыл алышкан. Бюджеттни көлөмү 1 млрд 325 млн 613 миң сомду түзгөн — бул өткөн жылга салыштырмалуу 198 миллионго көбүрөөк.

Анткен менен мэрия апрель айынын аягында шаардык казынага карантинге байланыштуу 150 млн сомдой түшпөй каларын айтып, жергиликтүү бийлик антикризистик программа иштеп чыккан. Ага ылайык, кээ бир иш чараларга бөлүнгөн каражаттардын өлчөмү кыскарып, ошонун эсебинен бюджеттин дефицити толукталмак.

Тема боюнча:

Ош шаарынын бюджетине карантинден улам 150 миллион сомдой түшпөй калышы мүмкүн