Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн Жапаровдун басма сөз катчысы жетектемей болду

Президенттик аппараттан 17-ноябрда Дастан Дүйшекеев Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын билдиришти. Дүйшөкеевге чейин бул кызматты Данияр Сыдыков аркалап турган.

33 жаштагы Дастан Дүйшекеев буга чейин премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болгон, ал бул кызматка 2020-жылдын октябрында келген.

Буга чейин аткаминер парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» саясий партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болуп иштеген.

Мындан тышкары, Дүйшекеев «Мегакомдо», ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынын коомчулук менен иштешүү боюнча жардамчысы болуп эмгектенген.

Дүйшекеев Садыр Жапаровдун негизги басма сөз катчысы болуп жүргөн убакта Кактус медиа басылмасы ага соцтармактагы «Садыр Жапаров» деген көптөгөн профилдердин арасынан кайсынысы расмий болуп эсептелинээрин сурап кайрылган.

Дүйшекеев Жапаровдун жалгыз расмий аккаунту фейсбуктагы барактардын бири экенин айтып, бирок кайсынысы экенин тактаган эмес.

Мурдагы басма сөз катчынын айтымында, Жапаровдун билдирүүлөрү жарыяланып жаткан телеграм канал дагы расмий эмес.

«Facebookта жеке аккаунту гана бар. “Расмий” деген белги берилгенде билип аларсыңар», — деген ал.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун медиа командасына кимдер кирерин да айткан эмес.