Бишкек мэриясы кара түтүндөн арылуу үчүн жаңы конуштарды газдаштырууну пландоодо

Кара түтүн каптаган Бишкек. Сүрөт: Михаил Дудин

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 1-декабрдагы басма сөз жыйында Бишкекти каптаган кара түтүндүн негизги себептерин атады: жаңы конуштар, автоунаалар жана ЖЭБ. Анын айтымында, муниципалитет көп убакыттан бери абаны бузган булганыч заттар менен пландык күрөш жүргүзүп келе жатат.

«Бир гана бизди өкүндүргөнү жаңы конуштун жашоочулары отун-суусун мурдатан даярдап албай, азыр ар кандай таштандалырды жагып, андан чыккан түтүн Бишкекти каптап жатат. […] Кара түтүн менен күрөштү мурда эле баштаганбыз. Бул пандемия бизге аябай тоскоол болду — каржы маселесинен кыйналдык. Элдик көтөрүлүш дагы бизди кичине кыйнап койду. Эң негизгиси — биз Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын бардыгын газдаштырышыбыз керек», — деп билдирди Түлөбаев.

Ал былтыркы баалар боюнча, бир үйгө газ киргизүү үчүн 20 миң сомдун айланасындагы каражат керектеле турганын билдирди.

«Бирок азыркы учурда кыйналып жаткан эл бул сумманы көтөрө албайт. Ошондуктан биз “Газпром” жана өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үч-төрт жылга тарифти жайып ийсекпи деген ой болуп жатат. Бул бир вариант. Башка варианттарды да карап жатабыз», — дейт мэрдин милдетин аткаруучу.

Түлөбаев кара түтүн маселесин мэрия жалгыз чече албай турганын белгилеп, ал үчүн коомдук аң сезим, өкмөт жана муниципалитет чогу иштеши керек дейт.

Дүйнөдөгү абанын сапатын аныктоочу IQAir платформасынын маалыматына таянсак, 1-декабрга карата Бишкек 246 индекси менен ири шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты. Бул көрсөткүч «өтө зыян» категориясына кирет. Кыргызстандын борбор калаасындагы абанын булганышы миллиондогон калк жашаган мегаполистерден — Дели жана Лохор шаарларынан ашып өткөн.

Бишкек абасы булганган делген ири шаарлардын рейтингинин сап башында турат

2020-жылдын ноябрь айынын башында фотограф Павел Исаенко Бишкектин түндүк бөлүгүн каптаган кара түтүндүн бир нече сүрөтүн жарыялаган. Ал мындай кою түтүндү бир гана Бишкек ЖЭБи менен жеке үйлөрдөн чыккан түтүн пайда кылышынан күмөн санаган.

Исаенконун пикиринде, шаарды гана эмес Байтик ойдуңун кошо каптаган кара түтүнгө айылдардын айланасындагы өрттөлүп жаткан айдоо аянттарынан чыккан түтүн себеп болушу мүмкүн.

Кара түтүнгө каршы митингдер

2019-2020-жылдардын кыш айларында Бишкекте кара түтүнгө каршы митингдер өткөн — жүзгө чукул адам экологиялык кырдаалга өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкектин борбордук аянтына чогулган. Ал убакта Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турган.

Анда шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.

Борбор калаадагы абанын булгануу көйгөйү кара түтүндү шаар тургундары байкап баштаган 2017-жылдан бери талкууланып келет. Бирок Бишкектин абасында зыяндуу заттардын көптүгү он жыл мурда эле айтылган.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт.

Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат. Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.

Абанын индекси бардык аба булгагычтар боюнча эсептелет. Алардын негизгиси — PM2,5 микро бөлүкчөсү. Бул бөлүкчөлөрдө ыштардын, асфальттын, автоунаа дөңгөлөктөрүнүн, оор металлдар бирикмелеринин, туздардын жана башкалардын майда бөлүкчөлөрү бар.

Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык топтолуусу — абанын сапатын жана анын адамдын ден соолугуна зыяндыгын баалоо үчүн негизги параметр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) ченемдери боюнча, РМ2.5 микро бөлүкчөсүнүн орто жылдык деңгээли 10 мкг/м3 ашпашы керек, ал эми орто суткалык деңгээли 25 мкг/м3 жогору болбошу зарыл.

«МувГриндин» 2018-жылга карата отчётуна ылайык, кыш айларында бул бөлүкчөлөрдүн деңгээли жол берилүүчү чек ченемдеринен ашып кетет. Аба кечки маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана өз үйлөрүн көмүр менен от жагып жылытышат.

ТЕМА БОЮНЧА: