Ош шаарындагы Кең-Сай конушуна жол салып жаткан компаниянын жетекчиси кармалды

Кең-Сай турак жай конушу. Сүрөт 2017-жылы тартылган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ош облусунда мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарды урдоо фактысы боюнча тергөө баштады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы «С.Т.» ЖЧКсы менен келишим түзгөн — компания Ош шаарындагы Кең-Сай турак жай конушунун кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду курууга милдеттендирилген. Башкармалык аталган компаниянын эсебине 43 миллион сом ашык акча которгон.

Бирок бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктабай, аткарылбаган жумуштун көлөмү 13 миллион сомду түзөөрү айтылууда.

Каржы полициясы 26-ноябрда аталган компаниянын «П. Т.» аттуу жетекчисин кармады. Ал эми Ош шаардык соту 28-ноябрда шектүүнү тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.

Укук коргоо органдары «С.Т.» компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө катыштыгы бар кызмат адамдарды аныктоо иш-араларын жүргүзүп жатат.

Аталган конуштун 35 гектар жерине «Кыргыз Текстиль» фабрикасы салынып, 2021-жылга 11 миң адам иш менен камсыздалары айтылган. Ошондой эле Кең-Сай конушунда турак жай салуу үчүн 3 миңден ашуун жер тилке сатылып, анын 2 177синин архитектуралык иш-кагаздары бүткөндүгү кабарланган.