Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 2-декабрда ведомство жетекчиси менен Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушканын кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев тышкы карыздын өлкөнүн бюджетине болгон жүгүн жеңилдетип берүүнү өтүндү. Анын айтымында, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы макроэкономикалык абалына терс таасирин тийгизген.
Ошондой эле, чиновниктер өз ара кызматташтык, «Торугарт» жана «Эркечтам» чек ара бекеттеринин толук кандуу иштөөсүнө байланышкан маселелерди талкуулашты.
«Жакын арада жогоруда аталган өткөрмө пункттарындагы ишти оптималдаштыра алабыз деп үмүт кылабыз. Мунун баары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташууну андан ары кеңейтүүгө жана жүк ташуулардын көбөйүшүнө түрткү болот», — деп белгиледи Казакбаев.
Чек ара бекеттеринин өткөрмө жөндөмүн жогорулатуу макулдашылганын буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь дагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен жолугушуу учурунда билдирген.
Ал «Эркечтам» өткөрмө пунктунун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кытай тарап эки кампа куруп, контейнерлер үчүн кран орнотууну чечкенин билдирди. Мындан тышкары, «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө жайларынын иш убактысын көбөйтүп, ошондой эле аларды дем алышсыз, күн сайын иштөө режимине өткөрүү чечими кабыл алынган.
Кытай алдындагы карыз
Кыргызстан буга чейин бир нече жолу Кытай тарапка кайрылып, тышкы карыздын өлкө бюджетине болгон жүгүн жеңилдетүүнү суранган. Ноябрь айында Каржы министрлиги Кытай карызды төлөө мөөнөтүн узартууга макулдугун бергендигин кабарлаган.
«Мөөнөт жылдырылды деп айткым келет, бирок [аларда] шарттары бар, биз бул маселелерди талкуулап жатабыз. Бизде 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин мөөнөт жылдырылды, Кытай боюнча бул 35 млн доллар», — деп белгилеген Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков.
Үстөк пайыздарды кошкондо тышкы карыздын суммасы учурда 2 млрд 256 млн долларды түзөт: Бул төмөнкү долбоорлорго алынган насыялар:
- Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолун калыбына келтирүүгө 75,29 млн доллар;
- Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирүүгө 200 млн доллар;
- Ош — Баткен — Исфана жана Бишкек — Балыкчы жолдорунун эки участогун калыбына келтирүү үчүн 129,83 млн доллар (эки жолу насыя алынган);
- Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун курууга 690,8 млн доллар (үч жолу насыя алынган);
- Кыргызстандын түштүгүндөгү электр өткөрүү чубалгыларын модернизациялоого 208 млн доллар:
- Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана Кемин подстанциясынын курулушуна 389,80 млн доллар;
- Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 386 млн доллар.
Кыргызстандын Кытайга көз карандылыгы
АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.
Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.
Ушул өлкөлөрдүн төртөөсүндө президенттик башкаруу формасы өкүм сүрөт. Эгер кыргызстандыктар жаңы Конституцияга добуш беришсе, Кыргызстан дагы президенттик мамлекет болуп калат.
Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт. Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай Гонконго жайгашкан эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.
ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: Бекешев: Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз