Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору 10 күндө даяр болот деп ишендирди

Садыр Жапаров. 9-ноябрь. Нарын облусу.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору 10 күн арасында даяр болорун Нарында эл менен жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы кабарлады.

«Элге талкууга коёбуз. Өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар», — деген ал.

Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү керектиги тууралуу маселени 6-октябрга караган түнү абактан тарапташтары тарабынан бошотулгандан тартып айтып келет.

Ал бийликти узурпациялоо боюнча өзүнө тагылып аткан айыптарды моюндабай, өзгөртүүлөр ачык-айкын киргизилет деп ишендирип келет. Бирок бир күн мурда конституциялык реформага каршы кезектеги акция өттү. Тынчтык маршына жарандык активисттер жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова катышкан.

Мындан тышкары жөө жүрүшкө чыккандар парламенттик шайлоо декабрда өтүшүн жана шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүүнү талап кылышкан.

Конституциялык реформа

Конституцияга ылайык, референдум өткөрүүнү парламенттин депутаттары, 10 миң шайлоочу же өкмөт демилгелей алат. Анткен менен бул учурда конституциялык реформаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров демилгелеп жатат.

Жапаровдун «конституциялык реформа жүргүзүү идеясын эл колдойт» деген билдирүүсүнө карабай, жарандык коом өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы. Юристтер депутаттар менен Жапаров конституциялык реформа жасоону регламент тартибин жана адам укуктарын бузуу аркылуу өткөрө турган мыйзам кабыл алды деп эсептейт.

Алардын айтымында, мыйзам долбоору «жогорудан» түшкөн, ал коомчулук тарабынан талкууланган эмес, ошондой эле дароо үч окуудан кабыл алынган.

Кыргызстандагы саясий кризис

Кыргызстанда октябрь айынын алгачкы аптасынан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишкекте митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгына макул эместер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушкан.

БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп аткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.

5-октябрдан алтысына караган түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган. Башаламандык учурунда протестке чыккандар бир катар камактагы адамдарды бошоткон. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана экс-депутат Садыр Жапаров болгон. Жапаров 2013-жылдагы адамдарды барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.

Жапаров абактан бошотулгандан кийин өзүн премьер-министр атап алган.

Алтынчы чакырылыштын депутаттары үч жолку аракеттен кийин гана Жапаровду премьер-министрликке бекиткен — бардык добуш берүүлөр митинг өткөрүү, эл өкүлдөрүнүн дарегине коркутуулар менен коштолгон.

Жапаров ошол эле күнү эки тараптуу макулдашууга ылайык, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын айткан.

16-октябрда депутаттар Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу жана ошол эле учурда премьер-министрлик милдетти Садыр Жапаров өзүнө алган. Анткени парламенттин ошол кездеги спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.