Артём Новиков салык кызматынын башчысына сөгүш жарыялады

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылат.

Ага ылайык, Абдалиевге жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.

Буга чейин Новиков кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар» көзөмөл өткөрмө жайына (КӨЖ) барган учурда маморгандарды аткезчилик менен күрөштө аракетсиздик кылып жатат деп сынга алган. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу товарларды каттоого алуу пилоттук системасын өз убагында ишке киргизбей койгону үчүн салык кызматынын ишине нааразы болгон. Ошондой эле ал коюлган милдеттерди аткарбай койгон аткаминерлерге карата чара көрүүнү тапшырып, КӨЖгө дагы бир келип кетүүнү убада кылган.