Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Талаа мектеби күйүп кетти

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектепте 7-декабрда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо саат 8:00дөр чамасында башталган.

Өрттү өчүрүүгө мекеменин эки бөлүмү тартылган. Ал эми саат 12лерге жакын ал толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Чоң-Талаа мектеби кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан. Аталган мектептин имараты 1971-жылы турак жай катары курулган. Ал эми 1981-жылы Чоң-Талаа айылынын тургундарынын суранычы менен ал үйдүн жашоочулары башка жакка көчүрүлүп, имарат башталгыч мектеп катары пайдаланууга берилген.

Төрт корпустан турган мектеп 180 окуучуга ылайыкташтырылган, бирок ал жерде 300гө чукул бала билим алат. Ошондой эле мектептин имаратында жылуулук системасы жок болгондуктан мешке көмүр жагылып жылытылат.

Чоң-Талаа мектебинин мугалимдери 2019-жылы тартылган видеодо имарат талаптарга жооп бербегенин жана кооптуу экенин айтып беришкен.