Сузакта соцөнүгүү башкармалыгынын кызматкери пара берип жатканда кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 27-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерин паракорлук фактысы менен кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын жетектөөчү адиси УКМКнын кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

«Кармалган Р.Б. УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтердин каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген», — деп билдирди атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Атайын кызмат бул факты боюнча «Пара берүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.