Коронавирустун жаңы 322 учуру катталып, 494 киши оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-декабрда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 322 учуру катталганын маалымдады. Коронавирус инфекциясын жуктургандардын арасында 10 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусу — 104;

Бишкек шаары — 83 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 41 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 26 (эки медкызматкер);

Ош облусу — 25 (үч медкызматкер);

Баткен облусу — 18 (бир медкызматкер);

Нарын облусу — 12;

Талас облусу — 7;

Ош шаары — 6.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 494 бейтап сакайды — алардын арасында жети медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 137, Чүй облусунда — 116, Баткен облусунда — 60, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 51, Ош облусунда — 27, Ош шаарында — 25, Талас облусунда — 13 жана Нарын облусунда он бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында жана Ош облусунда коронавирусту жуктурган эки киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 76 012ге жетти. Анын ичинен 68 367 бейтап айыгып, 1 303 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 370 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 94 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 128 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.