Акыркы суткада коронавирустун жаңы 379 учуру катталды, үч бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 10-декабрда коронавирустун жаңы 379 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 98;

Бишкек шаары — 120;

Жалал-Абад облусу — 29;

Ысык-Көл — 81;

Ош облусу — 11;

Баткен облусу — 15;

Ош шаары — 8;

Талас облусу — 10;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 76 391ге жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 726.

Ошондой эле, акыркы суткада 527 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 140, Жалал-Абад облусунда — 86, Ош облусунда — 36, Ош шаарында — 16, Баткен облусунда — 36, Чүй облусунда — 104, Ысык-Көл облусунда — 41, Нарын облусунда — 11, Талас облусунда — 21 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 68 894 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 305 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 90 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 3 041 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан, Ош жана Талас облустарынан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 306 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Мындан сырткары, өлкө боюнча он бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан жана Ош облусунан — бирден, Чүй облусунан — эки жана Ысык-Көл облусунан — жети медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада 17 медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 007ге жетти, анын ичинен 3 719 медкызматкер илдеттен айыкты.