Бишкек ЖЭБде көмүр жетишсиз, бирок шаардыктарга үзгүлтүксүз жылуулук убадаланды

«Электр станциялары» ААКтын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев менен жолугушуу учурунда, ишканада запаста 300 миң тонна көмүр бар экенин билдирди. Бирок Бишкектеги жылуулук сезонун толук камсыздоого дагы 800 миң тонна керектелет.

Ага карабай, Ачикеев 2021-жылдын апрель айына чейин бишкектиктер үзгүлтүксүз жылуулук менен камыздалаарына ишендирди. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи туруктуу иштеп жатат, ал эми көмүр менен мазут графикке ылайык келип түшүүдө.

Өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев Бишкек ЖЭБи кышкы суукка толук түрдө даяр болушу керектигин билдирди.

«Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө маани берүү керек. Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат»,— деп белгиледи Бактыбек Аманбаев.

* Бишкек ЖЭБ дээрлик 130 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат, алардын ичинен 240ка жакыны — социалдык мекемелер. Кыш мезгилиндеги максималдуу жүктөм учурунда күн сайын саатына 7-8 млн кВт электр энергиясы иштелип чыгат.

Бишкектеги жылуулук сезону

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын маалыматында 2020-2021-жылдагы жылуулук сезону үчүн Бишкек ЖЭБде 1,1 млн тонна көмүр кору болушу керек эле. Анын ичинен көп бөлүгү — 760 миң тоннасы — атамекендик көмүр, 350 тонна — сырттан кирет.

Коронавирус пандемиясы жана анын кесепетинен улам көмүр сатып алуу үчүн 1,2 млрд сомго тендер күзгө жакын гана жарыяланды. Тендерди уткан компаниялар тууралуу кенен маалымат айтылган эмес.

Бирок «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, бул окуядан кийин ЖЭБди көмүр менен камсыз кылууну 14 көмүр казуучу жеке менчик компаниялар мойнуна алган. Алардын арасында Кара-Кече кенинен көмүр казган «Кыргызкөмүр» ишканасынын өзү дагы бар.

Ошол эле мезгилде, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргызкөмүр» биргелешкен ишканасы тарабынан күрөң көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык схеманы аныктаган. Бирок тергөөнүн версиясы боюнча «Кыргызкөмүр» шериктештигине кирген 20 компаниянын кайсынысы ошол кезде пара бергендиги тууралуу маалымат жок.

Көп өтпөй УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы шектүү катары белгилүү коомдук ишмер жана энергетика багытындагы эксперт Расул Үмбөталиевди кармаган. Тергөөнүн маалыматында, ал «Кыргызжылуулукэнерго» мамишканасынына көмүр сатып алуучу тендердик комиссиянын мүчөсү катары ири өлчөмдөгү көмүр сатып алууда тендерди утуп алууга көмөктөшүү үчүн ишкерден 500 миң сом талап кылган.