ЖМК: Эксперт Расул Умбеталиев 500 миң сом пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына караштуу тендердик комиссиясынын мүчөсүн 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы 4-ноябрда билдирди.

«У.Р. [шектүү] жогорудагы акча каражатын 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субъектиден талап кылган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

«Тазабек» басылмасы колго түшкөн шектүү коомдук ишмер жана энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев болгонун кабарлады.

Аталган факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, Умбеталиев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.