Жогорку сот Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын ишин кайра кароого жөнөттү

9-декабрда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевге карата соттун өкүмүн жокко чыгарды. Соттун басма сөз кызматынан Мусакеевдин иши жаңы курамда Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

2019-жылдын май айында ушул эле сот Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

Мусакеевдин иши

Дамир Мусакеев 2016-жылдан тартып УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп иштеп келген. Сооронбай Жээнбеков президентикке келгенден кийин Мусакеев бул кызматтан бошотулган.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Отставканын расмий туюнтмасы «берилген арызына ылайык [...] бошотулган» деген мүнөздө айтылган.

Мусакеев кызматтан алынгандан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп иштей баштаган.

2019-жылдын февраль айында Мусакеевге каршы УКМКнын кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ошол кездеги КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.

Жолдубаева Мусакеевге карата козголгон иште «саясий себеп» бар деп билдирген. Бул жөнүндө Мусакеев журналисттерге кыймылсыз мүлкүн көрсөтүп чыккандан кийин өзү да айткан болчу.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Мусакеев 20 млн сомго кыймылсыз мүлк сатып алган. Көзөмөл органы мүлктүн баасы Мусакеевдин дагы, анын туугандарынын дагы тапкан кирешесинен ашып өтөт деп билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2016-2017-жылдары УКМКНын 9-кызматын жетектеп турганда, кызмат абалынан кыянат пайдаланып өзүнө жакын кызматкерлердин арасында батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн.