Атамбаевдин мурдагы жансакчысына кылмыш иши козголду

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кездеги эл аралык сапарларынын биринде. Дамир Мусакеев Раиса менен Алмазбек Атамбаевге кол чатыр кармап турган кези. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге комитеттин кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Ал Мусакеевге каршы ишти «саясий» деп атап, бул үчүн эч кандай негиз жоктугун билдирди.

Жолдубаева билдиргендей, 7-февраль күнү Биринчи май райондук сот Дамир Мусакеевге башка жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасын чыгарган. Буга чейин Мусакеев эмгек өргүүсүндө жүргөн экс-президент Алмазбек Атамбаевди БАЭге коштоп барып келген.

Уважаемые друзья! Алмазбека Атамбаева в поездке в ОАЭ сопровождал Дамир Мусакеев. Вчера его вызвали в военную...

Posted by Kunduz Zholdubaeva on Friday, February 8, 2019

«Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө», — деп жазган Жолдубаева.

Анын айтымында, кылмыш иши Мусакеев УКМКнын 9-башкармалыгынын начальниги болуп турган учурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүүгө байланыштуу.

«Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок», — деп ырастаган Жолдубаева.

Жолдубаеванын айтымында, Мусакеевге кылмыш ишин козгоодо «саясий өңүт» бар.

«Бардыгана оркоюп эле көрүнөп калды, экс-президентти сатпай, Форумдан кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын “жок кылуу” буйрутмасы иш жүзүнө ашып жатат», — деп билдирген КСДПнын басма сөз катчысы.

Дамир Мусакеевдин кызматтан бошотулушу

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон. Отставканын расмий туюнтмасы «берилген арызына ылайык [...] бошотулган» дегендей мүнөздө айтылган.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы жаңжалдын шартында болду.

2018-жылдын мартында болгон КСДПнын курултайынан кийин Атамбаев Жээнбековду Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрү үчүн катуу сындаган, анда учурдагы президент күч органдарын коррупция менен «натыйжасыз» күрөш үчүн айыптаган.

Дамир Мусакеев — Атамбаевдин мурдагы жансакчысы жана анын башкы тарапкерлеринин бири. Ал өткөн жылдын мартында өткөн КСДПнын курултайынын угуучуларынын арасында байкалган. «24.kg» басылмасы жазып чыкканына ылайык, УКМКнын 9-кызматынын башчысы курултайда пайда болгону ал саясаттан тышкары болушу кереги үчүн коомчулуктун суроолорун жараткан.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуу

Эки саясатчынын ортосундагы жаңжалдын шартында Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министрлик кызматтан бошотулган.

Бул кызматтык оодаруулардан кийин араздашуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата кылмыш иштерин козгоо менен күчөп, коррупция беренелери боюнча мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, бажы кызматынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматов, Бишкектин мурдагы мери Албек Ибраимов жана экс-президенттин башка үзөңгүлөштөрү камакка алынган.

Атамбаевдин алардын камалышын «аңчылык» деп атаган. Ал эми президент Жээнбеков парламентте коррупцияга каршы күрөшкө жамынып саясий атаандаштарынан өч албасын убада кылган.