Байтик айылындагы окуучулардын уулануусу. Мектеп жетекчисине 23 миң сом айыппул салынды

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында жүргүзүлгөн эпидемиологиялык иликтөөнүн натыйжасында бир катар санитардык эреже бузуулар аныкталды. Мурда аталган мектептин окуучулары тамак-ашка уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин кызматкерлерине жалпы 45 миң сом айып салынды.

Жыйынтыгында, мектеп жетекчиси 23 миң сом, ошондой эле кампачы, медицина кызматкери жана башкы ашпозчу 7,5 миң сомдон төлөөгө тийиш.

«Оорунун очогунда санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү алынды. Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн алынган тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү текшерилүүдө, анын жыйынтыгы белгилүү болгондо кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Мектеп окуучуларынын массалык уулануусу 8-декабрда болгон. Ошол түнү 24 окуучу ооруканага түшүп, ашказаны жууп-тазаланган. Бирок мектеп жетекчилиги балдар ич өткөккө кабылышы мүмкүн деп айтышкан.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуучулардын бардыгы ооруканадан чыккан. Учурда алар амбулатордук дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык.