Байтик айылындагы мектеп интернатында окуучулар ууланганы кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги Байтик айылындагы «Кут Билим» мектебинин 23 окуучусу ооруканага жаткырылганын кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, мектеп окуучуларында тамак-аштан уулануу белгилери болгон.

«Балдардын бардыгына аш-казандарын жууп, инфузиондук, детоксикациялык терапия жардамы көрсөтүлдү. Балдардын абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда», — деп билдиришти министрликтен.

Коопсуз тамактанууну көзөмөлдөө жана инфекциялык оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Азамат Имакеев окуучулардын уулануусу боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталганын билдирди.

«Эмне себептен ууланышканынын чоо-жайы иликтенет, тагыраагы, тамак-аштын калдыктарынан сынам алынды. Жыйынтыгы боюнча маалымат берилет», — деди Имакеев.

Мектептин өкүлдөрү азырынча окуучулар массалык түрдө ууланды деп айтууга эрте экенин билдиришти. Алардын айтымында, адистердин жыйынтыгын күтүү керек. Ага карабай, бул ич өткөк болушу мүмкүн деп болжошууда.

«Түндө 20 окуучуну ооруканага жеткирдик. Эртең менен жарымын кайра чыгарышты. Ооруканала калгандарынын жанында биздин кызматкерлер болууда», — деп кабарлашты мектептен.