Өлкөдө коронавирустун жаңы 327 учуру катталды — жалпы 76 718 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-декабрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 327 учуру катталганын маалымдады. Коронавирус инфекциясын жуктургандардын арасында 12 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 113 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 69 (төрт медкызматкер);

Чүй облусу — 45;

Жалал-Абад облусу — 33 (бир медкызматкер);

Баткен облусу — 20 (үч медкызматкер);

Ош облусу — 18;

Талас облусу — 13 (бир медкызматкер);

Ош шаары — 10;

Нарын облусу — 6 (бир медкызматкер).

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 447 бейтап сакайды — алардын арасында 11 медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 123, Чүй облусунда — 118, Жалал-Абад облусунда — 44, Баткен жана Ысык-Көл облустарында 42ден, Ош облусунда — 39, Ош шаарында — 22, Талас облусунда — 11 жана Нарын облусунда алты бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда коронавирусту жуктурган бир киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 76 718ге жетти. Анын ичинен 69 341 бейтап айыгып, 1 307 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 263 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 90 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 955 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.