Мамытов кирешесин адалдагандарга кол тийбестик бере турган мыйзамга кол койду

9-декабрь күнү президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Кыргызстандагы мыйзамсыз кирешелерди, мүлк жана бизнести адалдаштырууга багытталган.

Бул мыйзам эмнеге керек?

Өлкө башчысынын сайтындагы түшүндүрмөгө караганда, анын максаты — «Ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келет».

Ошол эле учурда, көмүскөдөн чыгууну каалагандар өзү жана жеке менчигине кол тийбестик гана эмес коомчулуктан жана журналисттерден корголот: мамлекет «мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин жашыруундуулугун сактоону» убадалап жатат.

Мыйзам кантип иштейт?

Мыйзамга ылайык, мыйзамсыз мүлкү же бизнеси бар кайсыл чиновник, саясатчы же ишкер болбосун 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин келип, мүлкүн өз ыктыяры менен декларацияга киргизсе болот. Анан калса, көп жылдык (балким өтө деле көп эмес) салыктан качуу жа балким мыйзамсыз байлык жыйноо үчүн кылмыш жоопкерчилике тартылбайт жана айып төлөбөйт.

Мүлкүн декларациялай турган адам болгону банктын кагазын сатып алат жана нотариустун кызматы үчүн мамлекеттик алым төлөйт. Эгерде өз эрки менен декларациялаган мүлкүнүн наркы 70 млн сомдон ашса, кошумча чыгымдар болушу мүмкүн.

Же объектин баасынын 1% мамлекетке берүүсү керек же мамлекеттин баалуу кагаздарынын аркасында аз-маз каражат таап алууга мүмкүндүк жаралат. Мындай учурда декларант декларацияга катталуучу мүлктүн баасынын 10% на баалуу кагаздарды сатып алат дагы, 7 жыл аралыгында, жыл сайын кирешенин 5% пайдасына ээ болот.

Мыйзам долбоорунун автору ким болгон?

Белгисиз. Долбоор тууралуу Кыргызстандын президентинин сайтында жарыяланган тексттен башка кенен маалымат жок. Аны ким демилгелегенин, ал коомдук талкуудан качан өткөнүн, ал окуулардан жана түзөтүүлөрдөн кантип өткөнүн билүү мүмкүн эмес — Жогорку Кеңештин сайтында долбоор тууралуу маалымат жок. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, ал коомдук талкууга да чыгарылган эмес.

Президенттин басма сөз кызматынын версиясында ал 5-ноябрда кабыл алынган деп айтылганы менен ал ушул күнү экинчи жана үчүнчү окууларда жактырылган мыйзамдардын тизмесинде да жок. ЖКнын маалымат кызматы ошол күнү экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынган бир нече башка мыйзам долбоорлорун негизги катары белгилеген. Бул күнү үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берилген эмес.

Басма сөз кызматы бүдөмүк формулировканы колдонгон: биринчи, экинчи окууда кенен маалымат берилген мыйзам долбоорунан тышкары, билдирүүдө «депутаттар мыйзамдардын бир катар макулдашылган варианттарын кабыл алышты» деп кыйытып өткөн. Качан, кайда, ким менен ал мыйзам варианттары «макулдашылганын» жана анын мазмуну кандай болгондугу белгисиз.

ТЕМА БОЮНЧА: ЖК мыйзамдарды кабыл алууда коомго кабар бербей Конституцияны бузууда — «Адилет» укуктук клиникасы