«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, алардан укук талаасына кайтууну жана Конституцияны эстөөнү талап кылышты. Алтынчы чакырылыштын иштөө мөөнөтү 28-октябрда эле аяктаган, бирок парламентарийлер кыргызстандыктарды кабардар кылбастан ондогон мыйзам долбоорлорун кабыл алышууда.
Парламент эмне кылып жатат?
Конституция жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бардык жарандар республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги мыйзамдарды кабыл алууга жана талкуулоого катышууга укуктуу.
Бул укук өлкө эгемендик алган жылдардан бери кол койгон бир топ эл аралык документтерде да жазылган. Депутаттар учурда кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу коомчулукка маалымат бербей бул укукту бузуп жатышат.
«Мыйзам долбоорлору ачык түрдө коомдук талкууга коюлбай жатат, демек Кыргызстандын жарандары сунушталган нормативдик документтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн жана алар кабыл алынганга чейин көз карашын билдирүү укугунан ажыратылды», — деп белгиленет кайрылууда.
Мисалдардын бирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келтирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 28-октябрында парламент мыйзам долбоорлорду жана Кылмыш кодексинде түзөтүүлөрдү «топ-тобу менен кабыл алган». Ал түзөтүүлөргө ылайык, эгер айыпталуучу материалдык зыяндын ордун толтуруп берсе кылмыштардын айрым түрлөрү боюнча жоопкерчилик жеңилдетилет.
«Ошол эле учурда, аталган документтин тексти коомдук талкуу үчүн жарыяланган эмес, аны ким, кандай максатта демилгеледи, Конституциянын жана башка мыйзамдардын жоболоруна туура келеби-жокпу белгисиз», — дешет юристтер.
Парламент так кесе эмнени бузуп жатат?
Юристтердин айтымында, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы Конституцияны да, ченемдик укуктук актыларды түзүүнү жана мыйзам жаратууну регламентациялаган мыйзамдарды да бузууда. 2020-жылдын 28-октябрынан кийин парламент кабыл алган мыйзамдар жана чечимдерге байланыштуу төмөнкүдөй маселелер бар:
- Жарандарга жана юридикалык тараптарга байланышкан мыйзам долбоорлору коомдук талкуудан өтүшү керек жана долбоорду даярдаган маморгандын сайтында ачык жайгаштырылышы керек. Эгерде ведомствонун сайты жок болсо, ЖМКга жарыяланат. Акыркы бир нече аптада мыйзам долбоорлору тууралуу мындай маалымат парламенттин сайтында дагы, ЖМКда дагы жарыяланган эмес.
- Мыйзам долбоорду коомдук талкулоо — мыйзам долбоорунун тексти ачык жеткиликтүү жана жарандар өз сунуштары менен түзөтүүлөрүн жөнөтө алат дегенди түшүндүрөт. Мындан кийин элдин бардык сунуштары топтолуп, же мыйзамга киргизилет, же себептерин көрсөтүү менен кабыл алынбайт. Бул маалыматтардын баары мыйзам долбоордун маалымкат негиздемесинде жеткиликтүү болушу керек, бирок иш жүзүндө мындай болбой жатат;
- Коомдук талкуу жеңилгис күч жагдайында (аскердик аракеттер, башаламандыктар ж.б) адам укугун коргоого байланышпаган бардык учурда бир айдан кем эмес убакытка созулат. Андайда коомдук талкуу болбойт жана мыйзам үч окуудан тең дароо кабыл алынышы мүмкүн. Азыр Кыргызстанда коомдук тартип жана коопсуздук калыбына келтирилди, эч кандай жеңилгис күч жагдайы жок;
- Коочулукка парламент эмнени жана качан карап аткандыгы кабарланбай жатат. Ошондуктан, жарандар жана юридикалык жактар учурда парламенттин отурумдарга жана парламенттик уктурууларга катышуу укугун ишке ашыра албай жатат. Бирок, мыйзам боюнча, коомго таасир эткен мыйзамдарды иштеп чыгарууга баары катыша алат. Ал мыйзамдарга булар кирет: конституциялык укуктарга, жарандардын милдеттенмелерине жана эркиндигине, саясий партиялардын укуктарына, коммерциялык эмес уюмдар жана ЖМКларга, бюджетке, салык жана жыйымдарга, экологиялык коопсуздукту, укук бузууларды жана ишкерликти мамлекеттик жөнгө салууга тиешелүү болгон мыйзамдар.
Бул Кыргызстан үчүн эмнеси менен коркунучтуу?
«Адилет» укуктук клиникасы элди жана коомчулукту катыштырбай, жарандардын көз карашын эске албай мыйзам чыгаруу демократиялык жана укуктук мамлекетте акылга сыйбас иш экенин эскертет. Мунун баары мыйзамдардын юридикалык күчүнөн шек саноого түртүп, эл аралык аренадагы Кыргызстандын беделине терс таасир берип, өлкөнү саясий туңгуюктун түпкүрүнө түртөт. Андыктан юристтер депутаттарды мыйзамдык нукка кайтып келүүгө үндөшөт.
«Аны менен катар, Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын ыйгарым укуктары Конституцияга ылайык 2020-жылдын 28-октябрында аягына чыкканын эстерине салгыбыз келет. Бул датадан кийин кабыл алынган мыйзамдар жана чечимдер юридикалык күчкө ээ эмес жана келечекте бул чечимдерди жокко чыгарууга негиз болот», — деп белгилешет юристтер.
Кыргызстандагы саясий кризис
Кыргызстандагы саясий кризи 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган — ошондо шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин, партиялардын мыйзам бузууларынан улам жарандар митингге чыккан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп аткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, натыйжада митингчилер Ак үйдү басып алып, айрым саясатчыларды абактан бошотушкан — алардын арасында адамды барымтага алуу үчүн 10 жылга соттолгон экс-депутат Садыр Жапаров да болгон.
Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.
Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.
Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган жана Конституциялык реформа даярдалууда. Жапаров Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек деп эсептейт.
Жапаров парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө жылдыруу «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда. Юристтер ал Конституцияны бузуп, Кыргызстанды мыйзам нугунан кризисти карай түртүп жатат деп эсептешет.