Ысык-Көл: 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын экөөсү акталды

Жабыркаган кыздын туугандарынын бири Талант Байсейитов Kaktus.Media басылмасына курган маегинде, Тоң райондук соту жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген экинчи адамды актаганын айтып берди.

Сот буга чейин, 2-декабрда зордуктоону уюштурууга шектелгендердин бирине карата актоо өкүмүн чыгарган болчу. Бул иш боюнча жалпысынан үч адам шектелүүдө — сот залынан бошотулган 25 жаштагы эки адам жана 45 жаштагы жаран.

Үч шектүүнүн ичинен 45 жаштагы адам гана 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, Байсейитов үч шектүүгө карата сот өндүрүшү өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн билдирди. Ал эми судья «Зордуктоо» беренесин «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренесине квалификациялаган. Прокурор шектүүлөргө 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураганына карабастан, судья ушундай чечим кабыл алган.

«Биз соттошобуз, соттун өкүмү менен макул эмеспиз. Прокурорлор 15 жылга абакка кесүүнү сурашты, ал эми зордуктоону [уюштурган] адамды толугу менен актап, бошотуп жиберишти», — деп кошумчалады Байсейитов.

Ошондой эле ал бул иште коррупция болушу мүмкүн деп эсептейт. Анткени, Башкы прокуратура ишти кароону Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү сураган, бирок аталган иш Тоң райондук сотунда каралган.

Бул окуя 2019-жылдын май айында болгон. Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кызды ошол эле жылдын ноябрь айында белгисиз эркек кишинин үйүндө табышкан.

Ал киши кыздын ата-энеси Бишкекте болгонунан жана кыз көзү азиз чоң атасынын колунда тарбияланып жатканынан пайдаланып, кызды зордуктаган. Андан соң кызды үч адам зордуктаганы жана тергөөчү жабырлануучунун туугандарынын арызын кабыл албай жүргөнү белгилүү болгон.