УКМКнын кызматкери 1000 кишиге той өткөргөн. Атайын кызмат териштирүүнү баштады

Тойдон тартылган сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тою боюнча териштирүүнү баштады. Той 12-декабрда Ош шаарындагы «Рамазан» ресторанында өткөрүлүп, ага 1000ге чукул киши катышкан.

«Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошол эле учурда коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, 1000ге жакын адамдын катышуусунда үйлөнүү тоюун өткөргөн», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле атайын кызмат Атамбаевдин уулу УКМКнын кызматкери болгонун жана ага карата кызматтык иликтөө башталганын кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, анын жыйынтыгы менен «кызматтан бошотууга чейинки тиешелүү чаралар көрүлмөкчү».

Тойдо тартылган сүрөттөрдө депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана Аида Касымалиеваны көрүүгө болот. Ошондой эле иш-чарага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов жана ЖАМКтын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев да катышкан.

Салыктан качкан Атамбаев

Ишкер Жалил Атамбаев — журналисттик иликтөөнүн фигуранты. «Азаттыктын» мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков өткөн жылдын апрель айында «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Көп өтпөй Атамбаев Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган. Исаковду колдоп журналисттер менен Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да чыгышкан — алардын арасында вице-спикер Аида Касымалиева жана Алтынбек Сулайманов да болушкан.

Кийинчерээк ишкер өз доосун чакыртып алган. Ал эми Финансы полиция Жалил Атамбаевдин ишкерлигин текшерип, анын натыйжасында 40 млн сом салык жашырылганын аныктаган.