Сүрөт: Оштук ишкердин тоюна депутаттар жана аткаминерлер катышты

Социалдык тармактарда ишкер, милициянын мурдагы полковниги Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда тартылган сүрөттөр тарап жатат. Той Ош шаарындагы «Рамазан» ресторанында өткөрүлдү.

Жалил Атамбаевдин тойу дейт. Табакташтар .

Опубликовано БеспределKG Суббота, 12 декабря 2020 г.

Атамбаевдин тоюна депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана Аида Касымалиева катышкан. Ошондой эле иш-чарада Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов жана ЖАМКтын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев да көрүүгө болот.

Алып баруучу Санжар Мыкыевдин айтымында, иш чарага 1000ге чукул адам чогулган. Ошол эле учурда Кыргызстанда коронавируска байланыштуу коюлган чектөөлөр дагы деле алына элек.

Мындан сырткары соцтармактарга тараган тасмадан тойдо конокторго баалуу белектер коюлганын байкоого болот. Алардын арасында «Жигули» үлгүсүндө бир нече унаа, үй тиричилик техникалары бар.

«Азаттыктын» мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков өткөн жылдын апрель айында «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Көп өтпөй Атамбаев Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган. Исаковду колдоп журналисттер менен Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да чыгышкан — алардын арасында вице-спикер Аида Касымалиева жана Алтынбек Сулайманов да болушкан.

Кийинчерээк ишкер өз доосун чакыртып алган. Ал эми Финансы полиция Жалил Атамбаевдин ишкерлигин текшерип, анын натыйжасында 40 млн сом салык жашырылганын аныктаган.