Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утуп алды.

Жуманазарова турнирде алгач беларустук спортчуну, андан кийин украиналык атаандашын жеңген.

Ал эми 16-декабрдагы өткөн финалдык кармашта Жуманазарова чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашып, аны дагы 8:2 эсеби менен утулуу ызасына тарттырган.

Буга чейин дагы Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ татыган.

Ал финалда латвиялык спортчу Анастасия Григорьева менен күрөшүп, 14:0 эсебинде утуп алган.