«14:0». Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңди

Кыргызстандык балбан, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча Сербияда өткөн Дүйнө кубогун жеңди. Ал финалдык кармашта латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту.

Балбан кыз жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде уткан. Ошондой эле ал 62 килограммдык салмакта румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду жеңген.

Аялдар арасындагы күрөштө кыргызстандык дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы да жарым финалга чыкты, ал эми Мээрим Жуманназарова финалга чыкты.

Сербия мамлекетинин борбору Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө кубогу 12-декабрда башталды. Анын эки күнүндө алгач греко-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты.

Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал ала албай калган. Эми ал келе жаткан Олимпиада оюндарына катышканы турат.

Балбан кыз күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон. Мурдараак ал UWWнын дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирдин алтын медалын жеңип келген.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында кыз-келиндер күрөшүнүн жылдыздарынын арасында өткөн United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңишке жеткен.