Видео: Өрттү өчүрүүгө тартылган техниканын иштебей калганы боюнча териштирүү башталды

Блогер Болот Ибрагимов фейсбукта өрттү өчүрүүгө келген техника иштебей калган тасманы жарыялады. Видеодон өрт өчүрүүчүлөр унааны «кыйшык стартердин» жардамы менен жүргүзүүгө аракет жасаганын көрүүгө болот. Унаа өчүп калган учурда шлангга суу берилбей калат.

Тасма 15-декабрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 10:27де күйүп жаткан жер үй тууралуу маалымат түшкөн.

«[Өрт өчүрүү кызматы] окуя болгон жерге 10:37де жеткенде, 180 чарчы метрлик жыгач конструкциядагы үй күйүп жатканы аныкталды. Өрт өчүрүүчү заттар берилип жатканда техника өчүп калды — буга бензин насосу иштебей калганы себеп болгон», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

Кырсык болгон жерге экинчи өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 15:00 чамаларында тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМ иштебей калган техника оңдотулуп, өрттү өчүрүүгө тартылганын кошумчалады.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.