Пандемия учурунда келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн атайын комиссия иликтейт

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирустун жайылышы күч алган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтей турган комиссия түзүлгөнүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Акчабар порталынын жазышынча, комиссиянын курамындагы 30 кишинин арасында парламенттин эки депутаты дагы бар.

«Комиссия 10 күн аралыгында коронавирус жайылган учурда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт», - деген ал.

Сурабалдиева ошондой эле, бул маселе боюнча ызы-чуу чыгышы ыктымалдыгын четке каккан жок.

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн чет элдик каржы уюмдарынан жана мамлекеттерден жардам сураган. Пандемия башталган учурда, май айында COVID-19 боюнча Республикалык штаб жалпысынан кыргыз өкмөтү эл аралык каржы институттарынан 462,3 млн доллар аларын билдирген. Анын жарымынан көбү — 352,5 млн доллары насыя, калган 79,4 млн доллары грант катары болорун маалымдаган.

Ошондой эле, Кытай, Өзбекстан, Орусия, Катар сыяктуу бир катар мамлекеттер дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар жана беткаптарды гуманитардык жардамдарды жиберген.

Анткен менен коронавирустан каза болгондор күч алган жай айларында ооруканалар менен обсервацияларда медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар тартыш болуп, мисалы беткаптардын баасы 5 сомдон 30 сомго чейин көтөрүлүп кеткен.

Ал эми Amnesty International уюму пандемия маалында кыргыз медиктеринин укуктары массалык түрдө бузулганын коңгуроо кылып каккан. Уюмдун белгилешинче, медкызматкерлерге катардагы эле жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз болгон, болсо дагы сапаты начар. Коргонуу каражаттарынын сапаты ыктыярчылардын жардамы менен жакшырган. Алар коргонуу каражаттарын сатып алып, аларды медиктерге жеткирип берип турушкан.

Андан сырткары дары-дармектердин баасы дагы кескин өскөн. Июль айында ошол кездеги премьер-министр Кубатбек Боронов финполиция дары-дармектин баасынын негизсиз жогорулашы боюнча 27 учурду аныктаганын айткан.

Ошол эле маалда, түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, акча таап калууга аракет кылган тараптар менен компаниялар дагы чыккан.

«ПолитКлиника» бул боюнча иликтөө жасап курулуг компаниялары кантип беткап сатууга өткөнүн, ал эми туристтик ишканалар коргоочу кийимдерге өтүп кеткенин ачыкка чыгарган.