Финпол дары-дармектин баасын кымбаттатуу боюнча 27 фактыны каттады — Боронов

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда өткөн брифингде билдиргендей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) мыйзамсыз товар киргизүүнүн жана дары-дармекке болгон бааны жогорулатуунун 27 фактысын каттады:

  • Медициналык беткаптарды кымбат баада сатуу боюнча — төрт кылмыш иши козголду;
  • Товарды мыйзамсыз киргизүү боюнча — 13 сотко чейинки өндүрүш башталды;
  • Атайылап таңсыктык жаратуу боюнча — эки иш козголду. Кампаларда гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин жана арбидол катылган;
  • Алып-сатарлар боюнча — сегиз иш козголду.

Премьер-министр кошумчалагандай, Финполиция бааларды кымбаттатып жаткан дарыканаларга жана дары-дармек алып сатарларга каршы чараларды күчөтөт.

Буга чейин Финпол өлкөнүн ири фармкомпанияларынын жетекчилерине карата бир нече нече сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Мындан тышкары, ведомство коррупция жана фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө байланыштуу иштин үстүндө иштеп баштады. Бул иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: Жөнөкөй маска 25 сом, коргоо костюму 6 миң сом. Коронавирустан кимдер пайда көрдү?